Өкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүСадыр Жапаров 1990 жана 2010-жылдардагы окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырдыМамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди
УКМК издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды кармады
27.02.2023 | 16:13
Кыргызстанда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.
Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз