Кыргызстанда «Изофенфос-метил» заты бар пестициддерди колдонууга тыюу салынды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти «Изофенфос-метил» таасир этүүчү затынын негизиндеги пестициддердин Кыргызстандын аймагында жүгүртүлүшүнө тыюу салуу жөнүндө буйрук кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул документке ылайык, аталган затты камтыган каражаттарды өндүрүүгө, каттоого, импорттоого, экспорттоого, сатууга, сактоого, ташууга жана колдонууга тыюу салынат.
Чечим эл аралык тажрыйбага жана Pesticide Action Network (PAN) уюмунун сунуштарына негизделген. «Изофенфос-метил» заты адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленген.
Мекеме кабыл алынган чаралар жарандардын ден соолугун коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга багытталганын билдирди.