КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
ӨКМ: 13-17-июнда тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар
12.06.2026 | 12:21

13-17-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам жарандарга тоолуу аймактарга жана кооптуу жерлерге баруудан баш тартуу сунушталат. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом