Садыр Жапаров Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту

Бүгүн, 12-июнда, Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордо» имаратында КРдин президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи өттү.
Салтанаттуу аземде эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылып, Ардак кароол тизилди. Тараптар расмий делегация мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты. Салтанаттан кийин Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе биргелешип сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, бул – Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапары. Анын алкагында, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландалган. Анда кыргыз-грузин кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып, эки тараптуу укуктук базаны чыңдоого багытталган документтерге кол коюлат.