Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогорулады

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 29,4%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматында, айлык акы менен бирге баалар да өскөн. Ушул жылдын январь-октябрь айларында өлкө боюнча керектөө баалары жана тарифтер 8,8 %га өскөн. Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 7,7 %га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдары 8 %га, азык-түлүк эмес товарлар 7,6 %га жогорулаган. Ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 12,2 %га өскөн.
Баалардын өсүшү 17,1 %дык көрсөткүч менен Ош облусунда катталган. Аталган облуста тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 11,4 %га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдары 28,4 %га, азык-түлүк эмес товарлар 13 %га, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 29,5 %га жогорулаган.