Новосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылды

«Манас» эл аралык аэропортунда S7 Airlines авиакомпаниясынын Новосибирск – Бишкек каттамы менен келген учагы текшерилүүдө. Буга чейин учакта жардыргыч түзүлүш болушу мүмкүн деген билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына аэропорттон билдиришти.
Учак кадимки тартипте конду. Авиациялык коопсуздук эрежелерине ылайык, ал жүргүнчүлөр терминалынан жана башка аба кемелеринен коопсуз аралыктагы алыскы токтотмого коюлду.
Бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Жүк, кол жүгү жана жеке буюмдар убактылуу учактын ичинде калтырылды.
Азыр учакты кинологдор кызматтык иттер менен текшерип жатышат. Андан кийин бардык жүк жана кол жүгү кошумча текшерилет. Коркунуч табылбаса, буюмдар жүргүнчүлөргө кайтарылат.
Окуя болгон жерде аэропорттун кызматтары иштеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы кошумча билдирилет.
Коркутуу мүнөзүндөгү билдирүү 13-ноябрда аэропорттун электрондук почтасына белгисиз жөнөтүүчүдөн келген.