Жалал-Абадда жерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалды

Жалал-Абад облусунда трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Козголгон иш боюнча Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А.О., айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж. жана Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган адамдар алдын ала макулдашып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү максатында аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен айыл аймагынын башкы планын бекитишкен.
Учурда окуянын жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды табуу боюнча тергөө уланып жатканы маалымдалды.