Эми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынак аркылуу дайындалат

Эми Кыргызстанда балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директору ачык сынак аркылуу дайындалат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Бул тартип «Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн, кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык бекитилген.
Кабыл алынган тартип кадрларды тандоодо ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмү бар адистерди тартууга багытталган.
Бош кызмат орундары, коюлуучу квалификациялык талаптар, документтер, сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана эрежелери боюнча маалымат Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин сайтына жарыяланат.