Кыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулашты

Финансы министри Руслан Суйналиев 20-ноябрда Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбор жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Йонга Йе менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Тараптар бюджеттик колдоону, АӨБнын Кыргызстан менен 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк жаңы стратегиясын даярдоону жана учурдагы биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулашты.
Стратегия Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки Улуттук программасынын приоритеттерин эске алуу менен түзүлөт. Кызматташтыктын негизги багыттары катары энергетика, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү, индустриялаштыруу жана айыл чарба аныкталды.
Өзүнчө АӨБнын Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу долбооруна жана транспорттук инфратүзүмдү, анын ичинде «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун өнүктүрүүгө катышуу келечеги каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жаңы стратегияны даярдоо жана артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин макулдашуу үчүн 2027-жылдын башында биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушталды.