Минкаб шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун четке кактыБалыкчыда синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалдыБекешев мамлекеттик кызматка кирүүдө майыптыгы бар адамдарга артыкчылык берүүнү сунуштадыФинансы министрлиги ЖРТны бюджеттен каржылоодон баш тартты, ал эми Агартуу министрлиги баанын өсүшүн түшүндүрдү — Дастан БекешевПрезидент Таш-Көмүр шаарынын мэрин алмаштырдыКМШ 2030-жылга чейинки радиоактивдүү калдыктар менен иштөө стратегиясын бекитти
Кыргызстандын ички карызы бир жылда дээрлик 25% өстү
24.06.2022 | 10:32
22-июнга карата Кыргызстандын ички карызы (облигациялар жана векселдер) 74 миллиард 193 миллион 401,6 миң сомго бааланды. Мындай маалыматтарды Улуттук банк берет.
Алардын ичинен басымдуу бөлүгү, 98,77% мамлекеттик казына милдеттенмелери боюнча өлкө карыздар, калганы мамлекеттик казыналык векселдер.
Былтыр 22-июнда ички карыз 59 миллиард 480 миллион 345,1 миң сомду түзгөн. Алсак, бир жыл ичинде карыз 14 млрд 713 млн 056,5 миң сомго же 24,7%га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика