Кыргызстандык эксперттер синтетикалык баңгизаттарды аныктоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүштүКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын алдыЕАЭБден товар ташыгандар 1-январга чейин аларды каталогго киргизиши керекБишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу салынуудаБишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатАсеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды
Кыргызстандын ички карызы бир жылда дээрлик 25% өстү
24.06.2022 | 10:32
22-июнга карата Кыргызстандын ички карызы (облигациялар жана векселдер) 74 миллиард 193 миллион 401,6 миң сомго бааланды. Мындай маалыматтарды Улуттук банк берет.
Алардын ичинен басымдуу бөлүгү, 98,77% мамлекеттик казына милдеттенмелери боюнча өлкө карыздар, калганы мамлекеттик казыналык векселдер.
Былтыр 22-июнда ички карыз 59 миллиард 480 миллион 345,1 миң сомду түзгөн. Алсак, бир жыл ичинде карыз 14 млрд 713 млн 056,5 миң сомго же 24,7%га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика