Аялын камчы менен сабап, бычак урган. Сот күйөөсүнө өкүм чыгарды

Аялын камчы менен сабап, бычак урган. Сот күйөөсүнө өкүм чыгарды

Нарын шаардык соту жергиликтүу тургунду  “Ден соолукка жеңил зыян келтирүү” беренеси  боюнча күнөөлүү деп тапты.

Соттун чыгарган өкүмүндө айтылгандай, айыпталуучуга 30 миң сом өлчөмүндө айып пул  төлөө  милдеттендирилген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жергиликтүү тургун аялын бычак менен уруп жиберген. Экспертизанын жыйынтыгында аял жеңил жаракат алгандыгы аныкталган.  Жабырлануучу 7 күндөн көп дарыланууга муктаж болгондуктан  адистер ушундай жыйынтыкка келишкен.  Соттук жыйындын жүрүшүндө жабырлануучу күйөөсүнөн кеткенин билдирген. Анткени,  ал балдарын тарбиялоого  катышкан эмес жана үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылган эмес. Жаңжал болгон күнү аялын өлтүрүп салам деп коркуткан.  Жубайлар чогуу жашап жүргөндө, ал аялын камчы менен сабачу.  Бир күнү көзүнө жеген соккудан улам жабырлануучу көрүүсүнүн 50 пайызын жоготкон. Аял ага айып пул салууну өтүнгөн”, — деп көрсөтүлөт документте.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу толугу менен күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, аялы андан кеткен. Жаңжал болгон күнү аялы Бишкекке иштегени барарын айткан.  Балдарын таштап кетерине жини келгендиктен ал аялын бычак менен согуп жиберген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>