Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыртылат

09.06.2026 | 10:59
Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыртылат — новости Кыргызстана

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы (УИА) менен биргеликте Кыргызстандын Кызыл китебин жаңылоо боюнча иш баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун алкагында Илимдер академиясынын окумуштуулары өлкө аймагында сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүн изилдешет. Илимий иштер 24 айга созулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы Кызыл китептин жаңы басылышына негиз болот. Долбоордун жалпы баасы 21 миллион сомго жакын каражатты түзөт.

Учурда Кыргызстандын Кызыл китебине төмөнкүдөй түрлөр киргизилген:

  • 57 түрдүү куш;
  • 23 түрдүү сүт эмүүчү;
  • 18 түрдүү муундуу буттуу;
  • 8 түрдүү сойлоочу;
  • 7 түрдүү балык;
  • 2 түрдүү жерде-сууда жашоочу;
  • 89 түрдүү жогорку өсүмдүк жана козу карын.

Министрлик бул иш-чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана актуалдуу маалыматтарды топтоо максатында жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Scroll to Top