Бекешев: ГНС отчет бербеген белгилүү саясий партияларды жоюуну көздөөдө

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев шайлоо комиссияларын түзүү тартиби боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн саясий партиялар эмес, президент жана Жогорку Кеңеш шайлайт. Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аймактык шайлоо комиссияларынын базасында округдук шайлоо комиссияларын түзүү каралган. Аймактык комиссиялардын азыркы мүчөлөрү жаңы округдук комиссиялардын курамына өтөт.
Бекешев белгилегендей, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын жарымын саясий партиялар сунуштайт. Кийинчерээк ошол эле өкүлдөр округдук комиссиялардын курамына да кириши мүмкүн.
«Биз бир мандаттуу округдардан шайланып жаткандан кийин, участкалык жана аймактык комиссияларды түзүү тартиби башкача болушу керек. Комиссиялардын курамына бардык каалаган жарандардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү зарыл», — деди депутат.
Ошондой эле ал саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жагдайга токтолду. Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет бербеген уюмдардын чоң тизмесин түзүп, аларды жоюуну көздөөдө. Бул тизмеде белгилүү саясий партиялар да бар.
«Бул көпчүлүк саясий партиялар иш жүзүндө иштебей калганын жана формалдуу гана түрдө бар экенин көрсөтөт. Бирок шайлоо учурунда участкалык комиссияларды түзүүдө баары ошол партиялардан талапкер издөөгө аргасыз болуп калышат», — деди Бекешев.
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү депутаттын участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларын түзүү тартибин өзгөртүү боюнча айткан сын-пикирлерине макул экенин билдиришти.