Жыргалаңдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери 1-декабрда расмий түрдө ачылат

19.11.2026 | 14:52
Горный кластер «Ала-Тоо Резорт» в Жыргалане официально откроется 1 декабря — Новости Кыргызстана

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабы ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Жыл бою иштей турган курорт Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук тоо аймактарын бириктирет. Кластердин аянты 4 миң гектарга жакын болуп, деңиз деңгээлинен 2 миңден 3,5 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.

Курортто кышкы сезондо туристтерге лыжа тебүү, сноуборд жана активдүү эс алуунун башка түрлөрү сунушталат. Ал эми жай мезгилинде курорт экотуризмди, тоо маршруттарын, сейилдөөлөрдү өткөрө турган жайга айланат.

Салтанаттуу ачылыш аземи 1-декабрда саат 13:00дө башталып, концерттик программа менен уланат. Иш-чарага француз ырчысы Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, Morandi тобу, Казакстандын эл артисти Кайрат Нуртас, казакстандык Irina Kairatovna тобу, ошондой эле ырчылар Бегиш, Jax жана DJ King Macarella катышат.

Эске салсак, «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Анда аймакта 250 кмге жакын лыжа трассалары курулары, 4 км узундуктагы аркан жолдор ишке берилери айтылган. Ошондой эле кластерде этно шаарча, ден соолукту чыңдоочу борборлор курулары маалымдалган.

Scroll to Top