Өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалды

Бишкекте 37 жаштагы эркек киши өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, 10 миң доллар алдап кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, уулуна козголгон кылмыш ишин чечүүдө жардамдашууну сунуштап, өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырган адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин билдирүүсүндө, К.Ж. аттуу жаран экспертиза жүргүзүп, медициналык документтерди тариздеп берем деп, анын 10 миң долларын ээлеп алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.