Кыргызстанга дүйнөдө атаандаша ала турган муун керек — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларын, студенттерди, педагогдорду жана жалпы кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
«Азыркы ааламдашуу доорунда терең билим жана алдыңкы илим биздин башкы багытыбыз болушу керек», — деп билдирди ал.
Жапаровдун айтымында, мекенчил, атаандаштыкка жөндөмдүү жана заманбап муунду тарбиялоо Кыргызстандын көз карандысыздыгын чыңдоонун негизги шарттарынын бири болуп саналат.
Президент ошондой эле билим берүү системасын трансформациялоого жана аны алдыңкы дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын ишке ашырылышы тууралуу айтып берди.
Программанын алкагында мектептердин окуу программалары жаңыланып, STEM-дисциплиналарына, жасалма интеллектке, чет тилдерине жана функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Жапаров белгилегендей, өзгөртүүлөр балдардын жөндөмдүүлүктөрүн эрте аныктоого, аларды кесипке багыттоого жана глобалдык деңгээлде атаандаша ала турган муунду даярдоого шарт түзүшү керек.
Мамлекет башчысы заманбап билим берүү системасынын милдети бир гана билим берүү менен чектелбестен, улуттук иденттүүлүктү, мекенчилдикти жана жарандык жоопкерчиликти калыптандырууда экенин баса белгиледи.
Президент өлкөнүн өнүгүшүндөгү мугалимдердин ролун өзгөчө белгилеп, аларга өзүнчө кайрылды.
«Мамлекеттин ар бир олуттуу кадамынын, ар бир стратегиялык жеңишинин артында билим берүү системасынын башкы кыймылдаткыч күчү болгон Мугалим турат», — деди Жапаров.
Ал апрель айында мугалимдердин айлык акысы 100 пайызга көтөрүлгөнүн эске салды. Президенттин айтымында, бул чара педагогдордун жашоо шартын жакшыртууга гана эмес, бул кесиптин коомдогу социалдык макамын көтөрүүгө да багытталган.
Жапаров мамлекет мугалимдерге колдоо көрсөтүүнү улантарына ишендирип, педагогдорго, мектеп окуучуларына жана студенттерге жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады.