ГЭСтер курулууда, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылды

Нарын облусунда жыл ичинде 95 ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу 20-ноябрда президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүндө өткөн 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык отурумда маалым болду.
Маалыматка ылайык, бул убакытта облуста өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%дан ашык өскөн. Капиталдык салымдар 27 млрд сомду түзүп, жети эседен ашык өсүш катталган. Курулуш тармагындагы 128 объектке 14 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Жол тармагында 154 чакырымдан ашык тилкеге асфальт төшөлүп, 275 чакырымга жакын жол жарыктандырылган.
Ошондой эле аймакта мектептер, бала бакчалар, административдик имараттар жана спорттук объектилер салынган. Президенттин колдоосу менен облуста 51 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилген. Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү ипотекалык үйлөр ачылган. Саламаттык сактоо тармагында облустук ооруканага ангиограф аппараты орнотулуп, Нарын шаарында Маданий борбор ишке кирген. Мындан тышкары Кел-Суу, Соң-Көл, Таш-Рабат жана Кошой-Коргон туристтик багыттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда.
Жыйында облустун энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча иштер жасалып жатканы маалымдалган. Учурда 100 мегаваттык Куланак ГЭСи, чакан гидроэлектр станциялары жана күн электр станциялары курулууда. Ошондой элн сугат системаларын жакшыртуу үчүн каналдар жана насостук бекеттер оңдолууда.
Мындан тышкары быйыл Нарында 47 миң гектардан ашык жерге эгин себилип, 821 дыйканга 593 миллион сомго жакын жеңилдетилген насыя берилгени айтылды.