Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Башкы прокуратура оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады
15.09.2026 | 10:56

КР Башкы прокуратурасы транспорттук көзөмөл тармагындагы коррупциялык схеманы аныктады, деп билдирет өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кызмат адамдары акчалай сыйлык үчүн салмак-габариттик өлчөмдөрү белгиленген ченемдерден ашып кеткен оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздап турушкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жерде жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери оор жүк ташуучу унааларды өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө 2 миңден 20 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталган.
Ошол эле учурда аныкталган мыйзам бузуулар каттоого алынбай, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамда каралган чаралар көрүлгөн эмес.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом