Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала 1-класска кирүүдө

15.09.2026 | 10:30
Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала 1-класска кирди — Новости Кыргызстана

Быйыл, 2026-2027-жылкы окуу жылында, Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде 1,5 млн окуучу окуйт. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта өлкө боюнча мектептерде 97 миңге жакын мугалим иштейт. Ошондой эле республикада 2 миң 374 мектеп бар, алардын 2 миң 132си мамлекеттик, ал эми 242си жеке менчик мекеме болуп саналат.

Быйылкы окуу жылда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар 12 жылдык системага киргизилди. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык программа боюнча билим алышат.

Мындан тышкары өлкөдөгү 94 кесиптик лицейге жаңы окуу жылына карата электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 11-сентябрында өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда республика боюнча 34 мектеп жана 28 бала бакча пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектиси, анын ичинде 49 жаңы мектеп, 7 бала бакча жана оңдоодон өткөн 2 мектеп ишке киргизилери айтылды.

Scroll to Top