Айсулуунун өлүмүнө шектүү адам Камила Дүйшөбаева ишине да тиешеси барбы?Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды
Кытай кыргыз жарандарына виза алуу эрежесин жөнөкөйлөттү
18.12.2023 | 14:41
Кытайдын визасын алуу үчүн документтерди тапшырууда милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
17-декабрдан тарта Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн виза алуу жолун жөнөкөйлөтүп, төмөнкү талаптар жоюлду:
- визага документтерди тапшырууда милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүүнүн кереги жок;
- маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара жаткандарга атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруунун кереги зарыл эмес;
- апостиль болгон учурда Кытайдын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук легалдаштыруу талап кылынбайт.
Кытайдын элчилигинин Консулдук бөлүмү виза боюнча кайрылгандарды белгиленген күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом