«Убакытым текке кетет». Президент маалымат жыйынды эмнеге өткөрбөгөнүн түшүндүрдү

«Убакытым текке кетет». Президент маалымат жыйынды эмнеге өткөрбөгөнүн түшүндүрдү

Президент кезектеги маегинде салтка айланган жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынды эки жылдан бери өткөрбөй келе жатканынын себебин айтты.

Садыр Жапаров журналисттерге караганда Элдик курултайдын делегаттардын суроолоруна жооп берүүнү туура көрөт. Ал Курултайдын конституциялык укугун дагы белгилейт. Өлкө башчысы журналисттерге ага багытталган суроолоруна элдик жыйындан жооп издөөнү сунуштайт.

«Курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты кесип ээлери да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир тобу жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган соболду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу сөз жокко эсе», — дейт ал.

Садыр Жапаров 2021-жылы өткөргөн маалымат жыйында берилген суроолорго канааттанган эмес. Анын айтымында,  маалыматты териштирүү менен алек болуп, 3 сааты текке кеткен.

«Мен дагы маалымат жыйын өткөрдүм. 3 саат бою такталбаган маалыматтарды териштирүү менен отуруп, менин да, журналисттердин да убактысы текке кетти. Муну азыр деле архивдерди көтөрүп карап көрсөңүздөр болот. Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз?” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>