Кытайда билим алууну каалаган жарандар үчүн 23 стипендия бөлүндү

Кытайда билим алууну каалаган жарандар үчүн 23 стипендия бөлүндү

Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 2023-2024-окуу жылына 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, стипендиялар бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча берилет.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн системага («КЭР өкмөтүнүн стипендиялары» программасына) катталып, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилерин эске алуу керек. Кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Каалоочулар стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дон 17:00го чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу ала алат. Ошондой эле, программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>