Россияда 4 млн доллары тонолгон кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтты

Россияда 4 млн доллары тонолгон кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтты

Россиянын «Домодедово» аэропортунда 4 млн доллар акчасы каракталган ишкер Москва аймагында кийим дүкөндөрүн ачууну пландаган. Бул тууралуу ишкер укук коргоо органдарына айтып берген.

Россиялык басылмалар жазгандай, ишкердин аты – Темирбек Исаев, ал 32 жашта. Темирбек Исаев Бишкектен Москвага агасы жана үй-бүлөсүнүн досу менен учуп келген. Каттоо иштерин бүтүргөндөн кийин, Исаев аларды тоскону келген эки таанышына телефон чалып, чыгып жатканын айткан.

«Унаалар эшиктин ооз жагына келгенде, биз чыгып, унааларды көздөй бастык. Мен «Тойотанын» арткы эшигин ачып, акча салынган чемоданды койдум. Акча салынган дагы бир сумканы аркамда көтөрүп тургам. Ошол эле учурда кайдан-жайдан экени белгисиз автомат көтөрүп, беткап тагынган 6-7 киши чыга келип, «баарыңар жаткыла, колуңарды башыңарга койгула» деп жерге жаткырды», — дейт Исаев.

Андан кийин кылмышкерлер аларды тоскону келген айдоочуларды, Исаевдин 57 жаштагы чогуу учуп келген досун унаага отургузуп, үч унаа менен качып кеткен.

«Кол салгандар орус тилинде эч кандай акценти жок, таза сүйлөп жатышты – башында ОМОН (атайын багыттагы милиция) деп ойлодук. Унаалар кеткенден кийин гана кол салуу болгонун түшүндүк. Бизди жерге жаткырганда менин колум менен башым дөңгөлөктүн алдында туруп калды. Унааны айдаганда, колум менен башымды дөңгөлөктүн алдынан алып калганга араң жетиштим», — дейт ишкер.

Бактыга жараша, көп өтпөй, уурдалган кишилер менен унаалар А-105 жолунун бурулушунда табылган. Ал жактан кылмышкерлер башка унаага отуруп, жашырынып кеткен. Кийинчерээк белгилүү болгондой каракчылар алып кеткен акча 4 млн эмес, 4 млн 840 миң доллар болгон.

«Бардык акча Москва аймагында бизнес ачууга жумшалмак. Арзан баада кийим сата турган дүкөндөрдү ачууну пландап жатканбыз. Бул идея бир нече жыл мурда жаралып, ал акчаны бардык үй-бүлөбүз менен чогултканбыз. Бактыга жараша өзүбүздүн үй-бүлөлүк бизнесибиз бар – Бишкекте кийим тигүүчү цех, Самара менен Люблинодо  соода түйүндөрү», — дейт Исаев.

Исаевдин айтымында, Москвага ири өлчөмдөгү акча менен барарын, үй-бүлөсү жана жакын адамдары гана билген. Ал кылмышкерлерге акча тууралуу ким кабарлап коюшу мүмкүн экенин түшүнбөй жатканын айтат.

Эскерте кетеск, 10-ноябрда Россиянын «Домодедово» аэропортунда эки кыргыз жаранынын 4 млн доллары каракталганы тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышкан.

Россияда эки кыргыз жарандын 4 млн долларын карактап кетишти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>