Бишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болду

Бишкек шаарында №2 каттамдагы электробус өз алдынча жүрүп кетип, аны токтотууга аракет кылган айдоочу каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-ноябрда, саат 16:05 чамасында Кең-Суу көчөсүндө болгон. Токтоп турган Ankai үлгүсүндөгү электробус өз алдынча жүрүп кеткен. Буга айдоочунун унааны кол тормозуна койбой калганы себеп болгон. Электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, жол боюнда токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү машиналарды сүзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу электробусту токтотууга аракет кылган учурда жаракат алып, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, ал ооруканада көз жумган. Кырсык болгон учурда коомдук транспорттун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.
Мэрия окуянын себептерин жана жагдайларын иликтөө үчүн «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы тарабынан комиссия түзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен компенсация төлөө маселеси жана жабыркаган унаалардын камсыздандыруу төлөмдөрү чечилет. Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын жагдайлары такталып жатканы маалымдалды.