Бишкек шаарында жаңы сквер курулууда

04.11.2026 | 11:29
В Бишкеке строят новый сквер — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында А. Масалиев көчөсүнүн (мурдагы Чортеков көчөсү) А. Токомбаев көчөсүнөн №4 шаардык ооруканага чейинки аралыгында жаңы сквер курулуп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакка 1 миң 250гө жакын жалбырактуу дарак отургузуу пландалууда.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев сквердин курулушу менен таанышып, аймак көрктөндүрүү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча Эркиндик жана Жаш Гвардия бульвары сыяктуу эс алуу жайларына тең келиши керектигин айткан.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды бурчтарсыз куруу, балдар жана майыптар арабасы менен жүргөндөргө, ошондой эле велосипедчендерге шарт түзүү милдетин койгон. Мындан тышкары мэр жанаша жайгашкан жер тилкелеринин ээлери жана ишкерлер менен бирге көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Мэрия аталган аймакка жер алдындагы өтмөк салуу маселеси караларын кошумчалады.

Scroll to Top