Махмудов, Шаршенбеков. Быйылкы дүйнө чемпионатына кайсы балбандар барат?
Дүйнөлүк күрөш уюму быйыл Сербияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган грек-рим күрөшү боюнча балбандардын алдын ала тизмесин жарыялады.
Мелдеш быйыл 16-24-сентябрь күндөрү өтөт. Аталган мелдеште 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Дүйнө биринчилигинде 1-5-орун алган спортчулар жолдомо ала алышат.
Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 7 балбан катышары белгилүү.
Дүйнөлүк күрөш уюму белгилегендей, алар жарыялаган тизме алдын ала түзүлгөндүктөн кийин алымча-кошумча болушу ыктымал.
Кыргызстандын грек-рим курамасы:
60 кг – Жоламан Шаршенбеков
63 кг – Дастан Кадыров
67 кг – Амантур Исмаилов
77 кг – Акжол Махмудов
82 кг – Бексултан Назарбаев
87 кг – Азат Салидинов
97 кг – Бексултан Махмудов
Азия: Күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуу мелдеши Бишкекте өтөт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз