Барскоондо 100 орундуу бала бакча ачылды

Барскоондо 100 орундуу бала бакча ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Балдардын жалпы билим берүү мектептерине барганга чейин бала бакчалар — билим берет жана өнүктүрөт, бала социалдашат, коомго аралашуусуна түрткү болот, балдар өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөнүшөт, бул ата-энелер үчүн дагы жакшы. Ошол себептен мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштайт», — деп билдирген Жапаров.

Өкмөттөн белгилешкендей, заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана 100 балага ылайыкталган. Бала бакчада жергиликтүү 19 тургун жумуш менен камсыз болот.

Буга чейин 10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында жалгыз бала бакча болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>