ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Суусамыр – Талас жолуна асфальт төшөөдө 10 млн сом зыян келтирилген
23.08.2023 | 14:15
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Суусамыр – Талас – Тараз жолунун айрым тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз