Азия: Күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуу мелдеши Бишкекте өтөт

Азия: Күрөш боюнча Олимпиадага тандап алуу мелдеши Бишкекте өтөт

Келерки жылы Кыргызстанда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жана Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдеши өткөрүлөт. Бул тууралуу United World Wrestling билдирди.

Маалым болгондой, эки мелдеш Бишкекте удаа өткөрүлөт. Алгач Азия чемпионаты, андан кийин 2024-жылы боло турган Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия берүүчү континенталдык тандап алуу мелдеши өтөт. Лицензия аталган мелдеште 1-2-орунду алган спортчуларга берилет. Мелдештер качан өтөрү кийинчерээк кабарланат.

Аталган лицензиялык мелдеш Бишкекте биринчи жолу өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Париждеги Олимпиада оюндарына күрөш боюнча алгачкы лицензиялар быйыл Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатында берилет. Дүйнө биринчилигинде 1-5-орун алган спортчулар жолдомо ала алышат.

Андан тышкары Олимпиадага лицензиялар төрт континенталдык жана бир дүйнөлүк квалификациялык мелдеште ойнотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>