“Манас” аэропорту Араб Эмиратынан келген гумжардамдын учагын тосуп алды

23.04.2020 | 17:20

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бүгүн, 23-апрелде Эл аралык “Манас” аэропорту “Etihad Airways” авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген самолетун тосуп алды.

Жардам көрсөтүү ушул жылдын 6-апрелиндеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-принци, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты.

Scroll to Top