Соода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди БекешевКүнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек Жусупов
Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды
15.09.2026 | 15:12
Бүгүн, 15-сентябрда, Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Ачылыш аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.
Жаңы лицей 410 окуучуга ылайыкталган. Лицейдин имаратында 35 класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, жыйындар залы жана спорт аянтчасы жайгашкан.
Быйылкы окуу жылында лицейге үч баскычтуу сынактын негизинде 7–8-класстарга 144 окуучу кабыл алынган.
Адылбек Касымалиев окуу корпустарын кыдырып, мугалимдер жана окуучулар менен жолуккан. Ал президенттин тапшырмасына ылайык, аталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү жогорку билим алгандан кийин ишке орношууда артыкчылыкка ээ болорун маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: "Акылман" лицейи, Манас шаары







