Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жетти

18.11.2026 | 12:39
Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жетти — Новости Кыргызстана

2026-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджетке түшкөн каражат 199,2 млрд сомго көбөйгөн.

Он айда бюджеттин чыгашасы 589,5 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 189,1 млрд сомго көп.

Касымалиев салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн көлөмү да өскөнүн билдирди. Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан тескелген салыктардан түшкөн киреше 287,5 млрд сомду түзгөн.

Өкмөт башчы мамлекеттик финансынын туруктуулугун сактоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи.

Scroll to Top