Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Салык кызматы: Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү
15.09.2026 | 14:38

Кыргызстанда баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосу санариптешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эми арыз жана маалыматтар салык органына барбастан, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырылат. Кызматты колдонуучулар арыздын каралуу жүрүшүн көзөмөлдөп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын онлайн ала алышат. Арыздын негизинде атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк жана атайын эсепке коюу картасы түзүлөт.
Мекеме бул чара кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтууга жана баалуу металлдар чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салууну автоматташтырууга багытталганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Салык кызматы