Кыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалууда

Кыргызстанда курулуш ченемдери менен эрежелерин масштабдуу реформалоо мерчемделүүдө, алардын айрымдары совет доорунан бери колдонулуп келет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш тармагынын ченемдик базасын өнүктүрүү жана реформалоонун 2027–2031-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыкты.
«Курулуш ченемдеринин колдонуудагы тутуму жаңылоого муктаж. Документтердин көбү ондогон жылдар мурун кабыл алынган жана имараттарды долбоорлоодо заманбап технологияларды, материалдарды жана жаңы талаптарды эске албайт», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш тармагынын ченемдик базасы 2,5 миңден ашык документти камтыйт.
«Постсоветтик мезгилде Кыргызстанда 800дөн ашык ченемдик документ иштелип чыгып, киргизилген, анын ичинде 100гө жакын курулуш ченемдери жана эрежелери (КЧжЭ/СНиП) жана 700дөн ашык стандарт бар. Ошол эле учурда колдонуудагы 140 курулуш ченемдери менен эрежелеринин 93ү же 66%ы гана жаңыртылган. Калган документтер советтик мезгилден бери сакталып, бүгүнкү күнгө чейин кайра карала элек», — деп билдиришет иштеп чыгуучулар.
Министрликтен айрым нормативдер бири-бирине карама-каршы келип, колдонуудагы мыйзамдарга туура келбей, заманбап курулуш чечимдерин киргизүүгө тоскоол болуп жатканын белгилешет.
Көйгөйлөрдүн катарында уруксат берүүчү жол-жоболордон өтүүдө талаптардын кайталанышы, мамлекеттик экспертизанын узак мөөнөттөрү, курулуш илиминин жетишсиз өнүгүшү жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы адистердин жетишсиздиги да аталды.
Ченемдөөдөгү эскирген ыкмалар жаңы материалдар менен технологияларды колдонууну татаалдаштырып, курулуш мөөнөтүн узартат жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтөт.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуудагы курулуш ченемдерин толук инвентаризациялоо, эскирген жана бири-бирине каршы келген талаптарды аныктоо, андан соң аларды этап-этабы менен жаңыртуу же күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.
Атап айтканда, төмөнкү иштер пландалууда:
- советтик мезгилде кабыл алынган курулуш ченемдерин жана эрежелерин кайра карап чыгуу;
- улуттук стандарттарды эл аралык жана европалык талаптарга шайкеш келтирүү;
- курулуш ченемдеринин бирдиктүү санариптик платформасын түзүү;
- имараттардын коопсуздугун долбоорлоого жана баалоого заманбап ыкмаларды киргизүү;
- курулуштун сметалык баасын аныктоо системасын жаңыртуу;
- объектилердин энергетикалык натыйжалуулугуна жана экологиялык туруктуулугуна карата талаптарды күчөтүү;
- курулуш илимин өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу.
Сейсмикалык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы нормативдерди иштеп чыгууда Кыргызстандын табигый-климаттык, геологиялык жана сейсмикалык өзгөчөлүктөрү эске алынат.
Реформанын негизги багыттарынын бири — долбоорлоонун европалык ченемдерин (Еврокоддор) кошкондо, эл аралык курулуш стандарттарын акырындык менен киргизүү болмокчу. Чет элдик талаптарды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, курулуштун ыкмаларын майда-чүйдөсүнө чейин көрсөткөн колдонуудагы системадан нормалдаштыруунун параметрдик ыкмасына өтүү сунушталууда. Бул ыкма имараттардын коопсуздугуна, ишенимдүүлүгүнө жана эксплуатациялык сапаттарына карата милдеттүү талаптарды белгилеп, ал эми долбоорлоочуларга техникалык чечимдерди тандоодо жана заманбап материалдарды колдонууда көбүрөөк эркиндик берет.
Ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин бирдиктүү санариптик тутумун түзүү каралган. Ал мамлекеттик органдарга, долбоорлоочуларга, курулуш компанияларына жана тармактын башка катышуучуларына актуалдуу талаптарды электрондук форматта көрүүгө жана өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөп турууга шарт түзөт.
Долбоордук документтерди экспертизадан өткөрүү, курулушка көзөмөл жүргүзүү тутумун өркүндөтүү да мерчемделген.
Иштеп чыгуучулардын эсеби боюнча, бул реформа курулуштун коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга, негизсиз чыгымдарды кыскартууга жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Каржылоо тийиштүү жылдарга Курулуш министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каралган.