Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
18.10.2026 | 12:04

2–5-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Акбар Кубанычбековдун «Сүймөнкул» улуттук мюзикли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, мюзикл көпчүлүк көрүүчүлөрдүн суранычы менен сахнага кайрадан кайтып келүүдө.
Чыгарма Кыргызстандын Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган. Анда инсандын өмүр таржымалы жана маданиятка кошкон салымы сахналаштырылган.
Мюзикл саат 19:00дө башталат. Билеттер онлайн кассаларда жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: мюзикл