Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Милиция Нарматованы кармаган эмес
10.09.2021 | 09:33
Ош шаардык милициясы саясатчы Орозайым Нарматованын кармабаганын билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Ош аэропортунан тергөөчүлөр тарабынан кармалып, Бишкекке алынып кеткени кабарланган.
Маалыматтарга караганда, ал Ошко келгенине бир канча күн болгон. Оштон Орусияга учаарда кармалган.
Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Нарматова боюнча үн ката элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат