Министр А.Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

20.05.2022 | 09:59

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, мындай баш коргоо чарасы Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту тарабынан кабыл алынды.

Биринчи инстанциянын чечими менен Мээрим Тилекова бир айга үй камагына чыгарылды. Бирок, прокуратура Ысык-Көл облустук сотуна бул токтомго даттануу жөнөттү”, – деди ал.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалганы маалымдалган.

УКМКнын малыматына караганда, Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган (Опузалап пара талап кылуу) кылмыштын негизинде кармалып, териштирүү иштерин андан ары улантуу үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Scroll to Top