Зимбабведе кыздар ишке орношу үчүн денесин тартуулашат

Зимбабведе кыздар ишке орношу үчүн денесин тартуулашат

Серепчилердин айтымында, бир катар монументалдуу экономикалык жаңылыштыктар Зимбабвени  жумушсуздукка алып келип, иш издөөчүлөрдү этикага туура келбеген жагдайга мажбурлады.

Хараре, Зимбабве. Норман Чисунга 2019-жылдын февраль айында түндүктөгү Мурехва айылынан Хараре шаарына келери менен, ал тез арада жумушка муктаж экенин түшүндү.

Ал  таякеси эң байыркы Мбара шаарынын борборундагы азык-түлүк, электр товарлары жана автомобилдин тетиктери сатылган базарда иштегендиктен жумушсуз калбайм деп ойлогон.

Ал эми 2017-жылы орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат алган 24 жаштагы Чисунга да көпчүлүк мекендештери сыяктуу эле жумушка орношууну эңсеп жүргөн.

Жумушсуздук болжол менен 90 пайызды түзгөн өлкөдө, 14 миллион калкынын көбү акча табуу үчүн кандайдыр бир расмий эмес жумуштарда иштеген мамлекетте жумуш табуу өтө оор маселе.

«Мен мамлекеттик кызматка ишке орношуу үчүн өкмөттүк комиссияга бардым, алар мага көптөгөн талапкерлер бар экенин айтышып таң калтырды. Бир орунга 55,210 талапкер бар экен«, — деди социология факультетинин бүтүрүүчүсү Тариро Маканера Аль-Жазирага.

Зимбабвенин борборуна келгенден бир нече жума өткөндөн кийин, Чисунга агасы жергиликтүү жер семирткичтерди чыгарган фирмага жумуш таап бергенде абдан сүйүндү. Телегейи тегиз боло түштү.

Бирок, Чисунга жумушка кирүү үчүн «бир аз» пара төлөшү керек болчу. Андан кайдан баш тарта алмак эле… Албетте, андан баш тарта албаган сунуш да.  Айылга кайрадан баргысы келген эмес, ал үчүн бардыгына кайыл болчу.

Алты айлык келишим үчүн Чисунга 100 доллар төлөшү керек болчу. «Алты жумалык келишим үчүн мен 30 доллар (азыркы кара базардын курсу боюнча 12 000 Зимбабве доллары) төлөдүм».

Ал күн сайын белине 50 килограмм (110 фунт үчүн) мүшөк жер семирткичтерди көтөрүп, ал  компанияда бир жылдан ашык убакыт иштеп бүттү.

 

Пара талап кылуу же сексуалдык каалоо

Al Jazeera бир нече жаш зимбабвеликтерден интервью алды, алар жумушка орношуу үчүн акча төлөшөт же жумушка орношуу үчүн акча төлөгөн адамды билебиз дешти.

«Мен супермаркетте иштегим келди, ал эми менеджер мени касса оператору кылып алуу үчүн 50 доллар талап кылды. Ал кезде менде 50 доллар жок болчу, бирок мен бул жумушту чындап каалачумун», — деди 24 жаштагы косметолог, азыр борбордогу дүкөндө сатуучу болуп иштеген Таянана Кутеура Аль-Жазирага.

Кутеура өңдүү жаш аялдардан кээде жалдоочулар менен жатууну суранышат.

«Мен Звишаванда дагы бир ушундай жагдайга туш болдум. Мага ири тамактануучу жайлардын бирин башкарууну сунушташты, бирок мен ээси менен жатууга туура келди. Мен жумушка орношкум келген жок.  Мен жумуш издеп жүргөндө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бир кызды билем.  Жаңы супермаркеттер тармагынын ээси ага секс үчүн жумуш сунуштаган. Ал макул болуп, менеджер болуп калды. Бирок, ал  ВИЧ инфекциясын жуктуруп алды». — деп кошумчалады Кутеура.

Зимбабве улуттук валютанын кескин арзандашы, инфляция, сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы, валютанын жетишсиздиги, өндүрүштүн аздыгы жана 90 пайызга чейин жумушсуздук менен мүнөздөлгөн экономикалык кризистин кучагында.

Инфляцияны токтотуу үчүн 2009-жылы АКШ долларына өткөн өлкө 2019-жылы Зимбабве долларын кайра жүгүртүүгө киргизген, бирок жергиликтүү акча долларга карата тездик менен арзандап баратат. Учурда 400 Зимбабве доллары 1 долларды түзөт.

Апрель айында инфляция 100 пайызга жакын болду.

Зимбабведеги жумушка болгон суроо-талап таанышы барлар менен жөндөмдүү адистерди  өлкөнүн экономикалык кризисинен тез акча табуу үчүн капиталдаштырууга алып келди.

“Банга” деген ат менен белгилүү оңдоочу жер семирткичтерди чыгарган компаниянын топ-менеджери менен иштейт. Анын агенттери кардарларды ар кайсы жерден издеп, менеджерге өткөрүп берүү үчүн жумуш издөөчүлөрдөн пара чогултушат.

30 же 100 доллар алгандан кийин тапшырма пайда болот. «Сиз төлөгөндөн кийин компанияга келгенде, жумушуңуз сизди күтүп турат» деди Чисунга Аль-Жазирага.

Мурда кичинеден өнүгүп келе жаткан компаниялар  учурда басымдуусу жабылган же эптеп-септеп акырырындан азыраак иштеп жатышат. Бул жагдай Зимбабве Түштүк Африкадагы өндүрүш кластерлери менен өнүгүп келе жаткан өнөр жай борбору болуу азырынча кыял дегенди түшүндүрөт.

Ошого жараша жумуш орундары дагы азайып, элди ого бетер айласын кетирди.  Чисунга акча табуу үчүн пара берип иштеп же иш таба албай жургөн миңдеген жаштардын бири.

«Ар алты жумадан кийин жаңы адамдар пайда болду. Жаңы адамдар да жумуш үчүн 30 доллар төлөшөт. Анын оңдоочу болуп иштегени үчүн көп акча тапканына ишенем. Болгону тамеки сезону ачылганда көбүбүз алты жума сайын же андан көп жолу келип-кетчүбүз».- деди Чисунга.

Зимбабведе тамеки сезону жыл сайын марттан августка чейин ачылат, андан кийин жер семирткич компаниялары тамеки дыйкандарына жер семирткичтерди сатуу үчүн аукциондордо кампаларды курушат.

Алар көбүрөөк эмгекти талап кылгандыктан, бул оңдоочуларга көбүрөөк адамдарды алып, кесип алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

 

Непотизм (Өң-тааныш, тууганчылык)

Кээ бир учурларда, Зимбабвенин эмгек рыногунда көнүмүш көрүнүш болгон жетекчи кызматтарда иштегендердин жакындары үчүн жумуш орундары сакталат.

Зимбабвеинин алдыңкы консалтинг фирмасы Industrial Psychology Consultants (IPC) тарабынан 2021-жылдагы жумуш ордунда непотизмдин таралышы жөнүндө отчетунда катышуучулардын 27,39 пайызы өң-тааныш менен жумушка киргендер кеңири жайылганын көрсөтүшкөн.

«Өң-тааныштардын кызматта туруусу боюнча рейтингде саламаттыкты сактоо тармагы 52 пайыз алдыңкы сапта, андан кийинки орунда 42 пайыз менен FMCG сектору жана 40 пайыз менен ЖМК«, — деп айтылат отчетто.

Эксперттердин айтымында, өлкөнүн азыркы экономикалык абалы мындай этикага жатпаган эмгек аракеттерине жакшы шарт түзүп берген.

Зимбабве Эмгек жана Экономикалык өнүгүү изилдөө институтунун негиздөөчүсү Годфри Каньензе: «1997-жылдан тарта  же 90-жылдардын башында төрөлгөн балдар эч качан кадыресе экономикалык жашоодо жашашкан эмес, бирок, ага карабастан өз каалоолору бар.

Эмгек рыногунун катаалдыгын, өлкөдөгү жакырчылыкты, ал жактагы коррупцияны эске алганда, адамдар айласы кетип, жумуш үчүн пара беришет.

Каньензе Аль-Жазирага “бир катар монументалдуу экономикалык катачылыктарды, анын ичинде 1990-жылдардагы экономикалык структуралык оңдоо программаларын, өлкөнүн Конго мамлекетиндеги согушка катышуусун жана миң жылдыктын этегинде жер реформалары ушул абалга алып келди. Биз бул мураска калган көйгөйлөрдү чече алган жокпуз» деди ал. «Экономикалык кырдаал АКШ долларынын жана ГНУнун киргизилиши менен алдын алды. Азыр биз баштапкы чекитке кайтып келдик. 

Хараределик көз карандысыз саясат талдоочу Рашвит Мукунду аялдардын жумушка орношуу үчүн эркектер менен жыныстык катнашка барууга аргасыз болушу трагедия экенин айтып, ошол эле учурда көйгөйдү чечүү үчүн “жеңилдетүүчү жана даттануу механизмдери” жок экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, тергөө «өтө алсыз, ошондуктан эч ким муну бийлик менен талкуулап убара болбойт»— деди.

Бирок Зимбабвенин жаштары өздөрүнүн оор сыноолорун ырым-жырым кылып, жаман жөрөлгө катары көрүшөт.

«Эгер мен жумушка орношуу үчүн пара бербесем, эч качан жумушка кире алмак эмесмин, «Менин теңтуштарымдын айрымдары дагы эле жумуш издеп жүрүшөт” – деп кошумчаладыЧисунга.

БУЛАК: АЛ-ЖАЗИРА

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>