Бүгүн Кыргызстандан 40 адам Англияга иштөө үчүн жиберилет

Бүгүн Кыргызстандан 40 адам Англияга иштөө үчүн жиберилет

Кыргызстандан 1 миң жаран Улуу Британияга айыл чарба багытындагы жумуштарга иштөө үчүн жиберилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандардын биринчи тобу бүгүн, 20-майдан баштап жиберилет.

20-майда 40 адам, 25-майда дагы 46 киши жиберилет. Жалпысынан миң киши жөнөтөбүз. Бул Улуу Британиянын мамлекеттик программасы болуп эсептелинет. Ал 2019-2024-жылдарга чейин иштейт. Келишимге ылайык, алар айыл чарба иштерине тартылат, англис тилин билүү маанилүү эмес, эң башкысы барган өлкөнүн шарттарын бузбаса, мыйзамды сактаса болду. Медициналык камсыздандыруу да бар”, — деди Кубандык Акматбеков.

Ал белгилегендей, бул келишим дагы 2024-жылга чейин созулмакчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Англия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>