Министр А.Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

Министр А.Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыкты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, мындай баш коргоо чарасы Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту тарабынан кабыл алынды.

Биринчи инстанциянын чечими менен Мээрим Тилекова бир айга үй камагына чыгарылды. Бирок, прокуратура Ысык-Көл облустук сотуна бул токтомго даттануу жөнөттү”, — деди ал.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалганы маалымдалган.

УКМКнын малыматына караганда, Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган (Опузалап пара талап кылуу) кылмыштын негизинде кармалып, териштирүү иштерин андан ары улантуу үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>