Өзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөтМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойт
Министрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жок
27.10.2026 | 14:59

Каракол шаарынын Пристань конушунда Ысык-Көл көлүнө канализация суулары куюлуп жатканы айтылып, соцтармактарга тараган видео боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги комментарий берди.
Министрлик бул боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн. Анда аталган аймакта балык чарбасынын курулушу жүрүп жатканы аныкталган. Жерди казуу учурунда чуңкурга жер астындагы суулар топтолгон. Курулуш аймагын бошотуу максатында бул табигый сууларды насос менен сордурулуп, көлгө агызылган.
Мекеме билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында көлгө өндүрүштүк же турмуш-тиричилик саркынды суулары төгүлүп жатат деген маалымат жеринде тастыкталган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар