Кыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталууда

Кыргызстанда унаалардын жүргөн жолун көрсөткөн эсептегичтин (одометрдин) көрсөткүчүн атайылап өзгөрткөндөргө айып пул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иштеп чыкты.
Документте Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү каралган. Айып пулду унаанын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө гана эмес, мындай кызмат көрсөткөндөргө да салуу сунушталууда.
Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 10 миң сомду, ал эми юридикалык жактар үчүн 28 миң сомду түзөт. Ошондой эле унаанын жүргөн жолу тууралуу маалыматты өзгөртүүгө мүмкүндүк берген атайын жабдууларды жана программаларды колдонгондорду жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, учурда Кыргызстандын мыйзамдарында унаанын жүргөн жолун көрсөткөн эсептегичтин маалыматын өзгөртүүгө түздөн-түз тыюу салган өзүнчө норма жок. Ошондуктан мындай кызмат көрсөткөн адамдардын аракетинде кылмыштын белгилери болбосо, аларды жоопкерчиликке тартуу кыйын.
Демилгечинин айтымында, унаанын канча жол жүргөнү анын техникалык абалына, коопсуздугуна жана базардагы баасына таасир этет. Колдонулган унааны сатууда айрым сатуучулар анын эскиргенин жашыруу жана кымбатыраак сатуу үчүн одометрдин көрсөткүчүн азайтып коюшу мүмкүн. Натыйжада сатып алуучу унаанын чыныгы абалы тууралуу туура эмес маалымат алат.
Ошол эле учурда мыйзам долбоору бузулган одометрди оңдоого же алмаштырууга тыюу салбайт. Эгер унаанын чыныгы жүргөн жолу тууралуу маалымат сакталса, мындай иштер укук бузуу болуп эсептелбейт. Ал эми маалыматты калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, бул тууралуу унаанын ээсине жазуу жүзүндө билдирүү керек.
Мындай укук бузууларды ички иштер органдары карайт. Мыйзамды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт.