Бишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видео

22.10.2026 | 12:20
Бишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видео — Новости Кыргызстана

Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок Toyota Camry автоунаасын башкарган өспүрүм бир түндө эки жол кырсыгын жасады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын (УПСМ) басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 22-октябрда саат 00:30 чамасында өспүрүм Ахунбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Абай көчөсү менен кесилишинде Aion үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Биринчи кырсыктан кийин Toyota Camry унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Кара-Жыгач көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, Анкара көчөсүнүн кесилишинде батышка карай бараткан Hyundai Sonata унаасын сүзгөн.

Экинчи кырсыктын кесепетинен Hyundai Sonata автоунаасынын айдоочусу көкүрөк тушунан жаракат алып, ал эми ушул эле машинанын жүргүнчүсү сол ийин сөөгү сынып, ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Toyota Camry унаасынын рулунда айдоочулук күбөлүгү жок, 2011-жылы туулган өспүрүм болгон. Экинчи кырсыктан кийин да ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган.
Рубрики: Коом, Окуялар
Scroll to Top