Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Астана шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Ал 24-октябрда 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.
Чейрек финалда Махмудов азербайжандык Гурбан Гурбанов менен беттешти. Алгачкы мүнөттөрдөн тартып атаандашы 6:0 эсебинде алдыга чыгып, бул эсеп беттештин аягына чейин дээрлик өзгөргөн жок. Аяктоого жарым мүнөт калганда Махмудов эки упай алып, андан соң атаандашын төрт упайлык ыкма менен ыргытты. Беттеш 7:6 эсебинде кыргызстандык балбандын пайдасына аяктады. Азербайжан курамасынын машыктыруучулары челлендж сурашкан, бирок алардын өтүнүчү четке кагылып, беттеште да жеңилип калышты.
Буга чейин Махмудов турнирди 1/16 финалдан баштап, египеттик Эмад Ашраф Мохамед Абуэлаттаны 5:1 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда грузиялык Гела Болквадзени 9:0 эсебинде ишенимдүү уткан.
Жарым финалда кыргызстандык балбан Түркиянын өкүлү Юксель Сарычичек менен беттешет. Жарым финалдык кармаштар Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.