Ошто акча алмаштыруу жайдын ээсин бычактаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылдыӨзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөтМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жок
Бишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөт
27.10.2026 | 15:04

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамага коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн биринчи электрондук табло орнотулду. Экранда каттамдардын номерлери жана автобустарды күтүү убактысы чагылдырылып турат.
Мэриядан билдиришкендей, бул жаңылык «Акылдуу аялдама» социалдык долбоорунун алкагында ишке ашууда. Жалпысынан борбор калаага 15 интерактивдүү маалымат панелин орнотуу пландалууда.
Долбоорду «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы ишке ашырууда. Электрондук таблолор автобустардын каттамдарын, алардын жүрүү багыттарын жана бара турган жерине чейинки аралыкты көрсөтөт. Бул жүргүнчүлөргө керектүү автобусту тез таап, сапарларын пландаштырууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте дал ушул аялдамага эксперименталдык негизде маалыматтык стела орнотулду. Ал жүргүнчүлөргө автобустардын жакындап калганын кабарлап турат.
Мэрия электрондук таблолорду киргизүү коомдук транспортту колдонуудагы ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталганын белгилейт.
Шаардык аялдамаларды санариптик түзүлүштөр менен жабдуу иштери андан ары улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

