«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор Дробыш

Орусиялык композитор Виктор Дробыш маалымат жыйынында журналисттердин белгилүү кыргызстандык ырчы Амирчик кайда жоголуп кеткени жана эмне үчүн басма сөз өкүлдөрү менен байланышпай жатканы тууралуу суроосуна жооп берди. Дробыштын айтымында, ырчы Орусияга кайтып келген жана эми гастролдорго чыга алат. Анын жообу тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык, көрдүңөр да, ээ? Бул жөн гана ыр эмес экенин түшүнүп турасыңарбы? Бул жакка келе албай жүргөн адам дал ушул концерттин аркасы менен кайтып келди, эми гастролдорго чыгып, менин эмес, өзүнүн миллиондогон угармандарын кубантат. Ал абдан популярдуу», — деди Дробыш.
Ошол эле учурда композитор буга чейин Амирчик эмне үчүн Орусияга келе албай жүргөнүн жана кайсы концерт жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.
Эске салсак, Амирчик (Амирхан Батабаев) Бишкекте башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында Кыргызстанда болгон.
Оюндардын ачылыш күнү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келип, артист стадиондо 30 миңден ашуун көрүүчүнүн алдында «Кыргызстан» аттуу жаңы патриоттук ырын тартуулаган.
Оюндардын ачылышынан кийин ырчы мекенинде калып, жаңы чыгармасын жайылтууну уланткан.
Сентябрь айынын башында ал көп өтпөй жергиликтүү музыкалык чарттардын сап башына чыккан ырын колдоо иретинде масштабдуу видеофлешмоб баштаган.
Ошол эле мезгилде Амирчик Кыргызстанда атасы менен чогуу убакыт өткөргөн. Алар кооз күн батышынын фонунда чогуу ырдап, чакан музыкалык өнөр тартуулашкан. Алардын ырдаган видеосу социалдык тармактарга кеңири тараган.