Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

17.07.2025 | 10:06

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 2025-жылдын 20-июлунда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, визиттин алкагында төмөнкү салтанаттуу жана расмий жолугушуулар мерчемделүүдө:
• Президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүү;
• Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуу;
• Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуу.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында:
• Кыргыз-монгол бизнес форуму өтөт;
• Эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда маданий иш-чара – концерт уюштурулат.

Рубрики: Саясат
Scroll to Top