Москвада активист Илгиз Шаменов кармалды

Москвада активист Илгиз Шаменов кармалды

Бишкектеги соода борборлордун биринде унаасында граната табылып, кийин коркутуулар болуп жатканын айтып, Россияга чыгып кеткен активист Илгиз Шаменов Москвада кармалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал 27-октябрда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен бирге бүгүн саат 15:00до Бишкекке учуп келет. Шаменов алар «бийликти курал менен басып алууга» шектелип, эл аралык издөөгө жарыяланганын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыйырмадан ашык активист жана саясатчы «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип камакка алынган. Кармалгандар буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып келишкен.

Илгиз Шаменов менен Орозайым Нарматова да Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, элди тынчтык митингдерге чыгууга чакырып келген. Алардын кармалышы активисттерге ачылган ишке тиешеси барбы азырынча белгилүү боло элек.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Унаасында граната табылган Шаменов өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>