Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кыргызстанда жаңы майрам пайда болду
25.07.2024 | 11:20
Президент Садыр Жапаров “Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык Аталар күнү жыл сайын 15-мартта белгиленет. Ошондой эле мыйзамга Энелер күнүн май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдоо тууралуу берене киргизилген. Белгилей кетсек, Энелер күнү Кыргызстанда 2012-жылдан бери белгиленип келет (май айынын үчүнчү жекшембисинде). Бирок ал президенттин жарлыгынын негизинде майрамдалчу. Эми ал майрам мыйзам менен бекилди.
Аталган эки майрам күн эс алуу күндөрү болбойт.
Бул мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом